Май айында бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына бюджеттен 2,4 миллиард сом бөлүндү

2015-жылдын май айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 8 миллиард 616 миллион 491 миң сомду түздү. Анын ичинен эмгек акыга жалпысынан 2 миллиард 470 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу 9-июнда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 1 миллиард 401 миллион 253 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 526 миллион сом бөлүндү. "Имараттар жана курулмалар" беренеси 780 миллион 256 миң сомго каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө сарпталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан