Бакыт Төрөбаев: "Аксылыктар - хан көтөргөн эл"

"Аксы эли - хан көтөргөн улуу эл". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 5-июнда Аксы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. Кербен шаарынын борбордук стадиону бул күнү майрамдык шаңга бөлөнүп, ар бир жергиликтүү жашоочу  партия өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, жооп ала алышты. Жолугушуунун алкагында жергиликтүү  спорткомплексинин иштеп кетүүсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. 
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режевалиев, Улукбек Кочкоров, Назарали Арипов, ошондой эле 4-чакырылыштын депутаты Зиядин Жамалдинов катышты. Андан сырткары партиянын Чүй облусу боюнча куратору Сабырбек Султанбеков, партиянын Ош шаары боюнча куратору Медербек Сабиров, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча куратору Мурат Жетимишбаев, Ысык-Көл облусу боюнча куратору Максат Чунуев, партиянын Талас облусу боюнча куратору Нурлан Сырдыбаев да жолугушууда болду.

кошулду
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын Аксы районунун эли менен болгон жолугушуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Baha.kg
2015-06-10 14:03:54
Баткендиктерди дагы бирдемке деп койгула.
+6
JrDosSantos
2015-06-10 14:13:30
Молодцы. Биздин залга обещать эткен 200 мин сомду эл алдына чакырып берди. Онугуу алга!
+3
E.TARZAN
2015-06-10 17:09:17
Баракелде онугуу партиясы, элдин партиясы!!!Алга Онугуу!!!
+1
pinpon
2015-06-11 02:43:44
Эн башкысы шайлоо буткондон кийин жок болуп кетпесе эле болду
+2
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-06-11 03:08:06
Жок болбойт жакшы иштеп келатышат.
Жердеш тууган урук болуп тартышпай ушул партияны колдош керек
Булар каяктан экенин билбейм бирок колдойм
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-06-11 09:03:37
жердештерим аябай коп чогулуптурго ...Онугуу азматсынар ..Биз уйбулобуз менен ушул партияны колдойбуз
0
lale82
2015-06-11 10:23:56
соз менен эмес иш менен далилдеп жатат.азамат сыздар!онугуу алга!шайлоодон кийин да ушинтип иштениздер!биздин районго да жардам беришти чоон рахмат!биз колдойбуз сиздерди!
0
Azim.00kg
2015-06-11 15:10:13
Бакыт Торобаев Президент болсо. Мен Аксыдан болом.
0
Cho
2015-06-11 19:13:25
маладец Бакыт мырза
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан