Малайзиянын Туризм министрлигинин өкүлү: "Кыргыз Республикасы менен туристтик байланышты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз"

Бүгүн, 11-июнда кыргыз жеринен барган делегация менен Малайзиянын Туризм министрлигинин эл аралык туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Исхак Исмаилдин жолугушуусу өтүүдө. Анда Туризм министрлигинин өкүлү жолугушууну уюштурган кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчилигине ыраазычылык билдирди. 
Исхак Исмаил Малайзиянын туризминин өнүгүшүнүн тарыхы боюнча маалымат берип, Туризм министрлигинин негизги максаты Малайзияны туризмдин чордону кылуу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуу экенин айтты. Анын айтымында, дүйнөнүн булуң-бурчунда министрликтин 35 бөлүмү бар. 
Белгилүү болгондой, Малайзия былтыр туризмден 25 миллиард доллар киреше тапкан. 2014-жылы өлкөгө 27 миллион турист келген. Ал эми быйыл бул санды 29 миллионго жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
"Кыргыз Республикасы даяр болсо, биз өлкөлөр ортосунда түз авиакаттам ачууга даярбыз. Азыркы учурда Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен түз каттам бар. Кыргыз Республикасы менен туристтик байланышты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз",- деди Исхак Исмаил.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан