Темир Сариев Таш-Көмүр шаарында өрт кырсыгынан каза болгон 3 жаштагы эгиз балдардын жакындарына көңүл айтты

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарындагы 3 жаштагы эгиз балдардын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу 11-июнда өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Бул сыяктуу кайгылуу окуялардын кайталанбашы үчүн премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары менен биргеликте өрт коопсуздугун сактоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле өрт чыкчу каражат жана жабдыктарды колдонуу эрежелери тууралуу калкка маалымат берүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар Темир Сариев бул сыяктуу окуялардын кайталанбашы үчүн ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан