Өлкөдө балдардын жалпы 38,9 пайызы иштейт

Өлкөдө балдардын жалпы 38,9 пайызы иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкекте өтүп жаткан “Балдардын эмгегин эксплуатациялоо жана билим алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалым болгондой, учурда балдардын 6 пайызы, КРнын мыйзамына ылайык, уруксат берилген жерлерде эмгектенишет. Ал эми 32,9 пайызы ден соолукка зыян келтирген шарттарда эмгектенери билинген. Бул статистикалык көрүнүш 2007-жылы 12,5 пайызды түзгөн болчу.

Бүгүнкү тегерек стол - балдардын эмгегин эксплуатациялоого каршы өткөрүлгөн бир айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы. Иш-чарага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, тиешелүү министрликтердин, билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан