"Ачык Ысык-Көл-2015" III Эл аралык фестивалынын алкагында катышуучулар 13-июнь күнү унаалар жана мотоциклдер менен Ысык-Көлгө барышат. Алар Балыкчыда, Чолпон-Атада, Боз-Териде жана Семёнов капчыгайында маданий иш-чараларды өткөрүшөт. Бул тууралуу 11-июндагы маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти.
Мындан сырткары "Таза Ысык-Көл үчүн" аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө көл жээгин таштандылардан тазалоо колго алынат. Фестивалдын ачылышына ырчылар катышып, КМШга мүчө мамлекеттердин желектерин көтөргөн катышуучулар парашют менен секиришсе, байкерлер мотошоу көрсөтүшөт. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлат.