"2014-жылга карата республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга карата божомолдор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке өлкө башчы
Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - "2014-жылга карата республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга карата божомолдор жөнүндө" мыйзамдагы капиталдык салымдардын көлөмүн тактоо.
Документке ылайык, 2014-жылдагы капиталдык салымдардын көлөмү 4 483 479 сомдон 4 506 979 сомго же 23,5 миллион сомго көбөйдү. Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.