Бүгүн, 11-июнда
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мундун жубайы
Ю Пан Сун Дэк Эне жана баланы коргоо борборунда болуп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мекеменин ишмердүүлүгү менен тааныштырган Эне жана баланы коргоо борборунун директору К.Узакбаев: "Энелер мектеби" ата-эне болууга комплекстүү даярдап, кош бойлууларга маалыматтарды так жеткирүүгө, башка кош бойлуу аялдар менен пикир алышууга көмөктөшөт. Өзгөчө балага кам көрүү, бала менен баарлашуу, туура эмизүүнүн жолдорун үйрөтүүгө басым жасалат",- деди.
Ю Пан Су Дэк жаңы төрөгөн энелер менен жолугушуп, аларга белектерди тапшырды.