Кыргыз журналисттери Малайзиянын алдынкы ММКларынын бири болгон "The Star" медиахолдингинде болушту

Малайзияга тажрыйба алмашуу үчүн барган кыргыз делегациясы бүгүн, 12-июнда аталган өлкөнүн алдынкы ММКларынын бири болгон "The Star" медиахолдингинин иши менен таанышууда. 
Белгилүү болгондой, бул мекемеде 2 телеканал, 4 радиостанция, 1 веб-портал, 2 журнал жана 1 гезиттин редакциясы иш алып барат. Медиахолдингдин жетекчилиги делегацияга маалымат берүү менен бирге мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. 
Аталган медиахолдингде 2 миң кызматкер иштесе, анын 1000и өлкөнүн башка аймактарында эмгектенишет. Ал эми англис тилинде чыккан "The Star" гезити күн сайын 300 миң нускада басылып чыгарылары маалым болду. 

Айта кетсек, Малайзияга болгон сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. 

Жогоруда айтылгандай, кыргыз журналисттери ири медиахолдингдердин иши менен таанышып, тажрыйба алмашышса, ырчылар жана “тамашоучулар” ал жактагы мекендештерге бүгүн, 12-июнда атайын концерт коюшат. 

Маданий-маалыматтык иш-чараларды элчи Кылычбек Султанов башында турган КРнын Малайзиядагы элчилиги эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында уюштурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан