"Биз үчүн парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү абдан маанилүү". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен Ош шаарындагы жолугушууда билдирди.
Маалыматты 12-июнда өкмөттүк аппараттан кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сариев "Миң жылдыктын максаттары" долбоорун ишке ашыруу алкагында кыргыз өкмөтү бир катар иштерди аткарып жатканын жана анын негизги максаттары 2014-2017-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук стратегияга камтылганын билдирди.
“Учурда Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүгө даярданып жатабыз. Аны таза, ачык-айкын өткөрүү үчүн жаңы технологиялар, биометрикалык каттоо киргизилип жатат. Бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жол ачат”,- деди Сариев.
Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун ал үчүн Кыргыз Республикасына сапары өзгөчө экенин, 2010-жылдан бери өлкөдө абдан чоң өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи.
"Ар кыл кыйынчылыктарга карабастан, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө бет алганы абдан кубандырат. Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы бийликти шайлоо жолу менен тынч өткөргөн жалгыз мамлекет. Муну менен катар БУУ Кыргыз Республикасынын адам укуктарын коргоо жаатындагы аткарып жаткан иштерин жогору баалайт",- деди Пан Ги Мун мырза.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташтыкка кызыкдарлыгын билдирип, Тынчтык орнотуу фондунун ишмердиги, Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.