Өлкөдө иштеген балдардын 95 пайызы айыл чарба тармагында эмгектенет

Өлкөдө иштеген балдардын 95 пайызы айыл чарба тармагында эмгектенет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Биздин балдар - планетабыздын келечеги” аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө КРдагы Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Амина Курбанова билдирди. Анын айтымында, балдар көбүнчө пахта, тамеки жана башка өсүмдүктөрдү терип-жыйноого тартылышат.

Балдардын иштеген жерлеринин тизмесине кол араба сүйрөө, базарларда картон, бөтөлкө жана башка кайра иштеп чыгарууга кеткен материалдарды чогултуу да кирген. Алардын арасында айыл чарба тармагында иштөө биринчи орунга чыккан. Жаш балдардын 19 килограмм пахтаны 250-500 метр аралыкка көтөрүп жатышканы аныкталган. Кээ бир учурларда жумуш берүүчүлөр талаанын ичине арабаны айдап киргизүүнү каалабай, пахта терген балдар оор жүгү менен 700-800 метр жерди басып өтүшөт. Мындан тышкары өспүрүмдөр радиациялык жерлерден кремний терип, ден соолуктарына залал келген. Мындай учурда радиациянын зыянын азайтуу максатында аларга сыра берилет экен. Мындай балдардын келечеги кандай болот?”- деп суроо салды тегерек столдун катышуучусу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ularik_kg
2015-06-12 23:07:54
Алар кантип айласын табат уже окуу бүтүүсүнө 1 ай калганда эле Чооң окуу жайга кире тургандар дамкырат издөөгө түшөт. Дамкыраты жоктор Бишкеке же Моссквага кетет. Айласын таппай эгер Чооңдор чесна иштегенде,озу бекеринен Балык башынан сасыйт деилбейт, эгер чесна болгондо баары башкача болот эле Ошол сиздер айткан 95%дын эч болбогондо 50%зы окуугусу келип шарты жок калгандарда.Окуу аякташына 2 3 ай калганда эле чон окуу жай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан