Бишкектеги "Чынар" базарындагы соодагерлер 12-июнда
SUPER.KG порталына кайрылышып, Бишкек мэриясы аларды базардан кууп жатканын айтышты. Өзүн
Самара деп тааныштырган аталган базардын соодагери мэрия базардагы 43 павильонду тартып алып, башка бирөөлөргө кымбат баада берүү аракетин көздөп жатканын билдирди.
"Мэрия павильондорду алабыз деп 2-3 күндөн бери биздин шаштыбызды алып, базардан кууп жатат. Алардын айтымында, биз отурган павильондор жолго чыгып тургандыктан, аларды алып, ордуна жол салынат экен. Бирок булардын максаты павильондорду башка бирөөлөргө өткөрүп берүү болуп жатыптыр. Жол куруп жаткандар "долбоор боюнча бул жайга жол салынбайт" дешти. Биз деле ээлеп отурган павильондорго ай сайын 10 миң сомдон ижара акысын төлөп келебиз. 11-июнда Жогорку Кеңешке да кайрылып, Ак үйдүн жанында бир күн отурдук, тилекке каршы, жооп болгон жок. Айла кетип сиздерге кайрылып жатабыз.
Өз үй-бүлөбүздү эптеп багып жатканда минтип кууп жатышканын кандай түшүнсө болот? 10 жылдан бери ушул базардан наныбызды таап келебиз. Эми биз кайда барабыз?"- деп кайрылды Самара айым.
Мэриянын маалымат кызматы базардын айланасындагы павильондор жолго чыгып кеткендиктен, алар сөзсүз алынышы керектигин билдиришти. "Белгилүү болгондой, базардын тегерек-четиндеги бүт павильондор жолго чыгып кеткен. Алар алынышы керек",- деди басма сөз өкүлү.