Чет өлкөдөгү согуштарга катышкан кыргыз мамлекетинин жарандарын 12 жылга чейин камакка алуу демилгеси каралды

Чет өлкөдө куралдуу согуштарга катышкан кыргыз мамлекетинин жаранын 8 жылдан 12 жылга чейин камакка алууга багытталган мыйзам долбоору 12-июнда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында каралды. 

Мыйзам долбооруна ылайык, террорчулук же экстремисттик уюмдун иш-аракеттерине катышууга адамды үгүттөө же жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, окутуу жана даярдоого катышкан жаран 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыроо менен жазаланат. 

Ошондой эле жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмышты жасоо ыгын жана машыгуусун алууга багытталган жалдоо, даярдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдаланганы үчүн 4 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул долбоорду 3 окууда кабыл алууну жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан