Бишкек шаардык мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 5-июндан 12-июнга чейинки аралыкта тургундардан 269 кайрылуу түштү. Мэриянын маалыматына ылайык, анын 167си аткарылган (же болбосо 62 пайызы).
Кайрылуулардын көбү электр менен камсыздоо, шаардын тазалыгы жана транспорт кыймылы боюнча болгон.