Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери боюнча комитети бүгүн, 12-июнда сот реформаларын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан КРнын Административдик-процесстик кодексинин долбооруна арналган коомдук талкуу өткөрдү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президент менен өкмөт аппараттарынын, сот тутумунун өкүлдөрү, адвокаттар, жарандык коом менен эл аралык уюмдардын серепчилери катышты.
Сот-укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы Токтогул Туманов талкууга коюлган мыйзам долбоорунун маанисин баса белгиледи. "Азыркы иштеп жаткан мыйзамда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары анчалык такталбай калган. Ал эми бул кодекстин долбоорунда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети кыйла такталып берилди",- дейт ал. Депутат жаңыдан иштелип чыккан бул мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик бийлик органдарынын бардык иш-аракетин мыйзам алкагына алып келүү болуп санала турганын, ал келерки аптада парламенттин кароосуна киргизилерин билдирди.