Ташполот Балтабаев: "Эгерде Каржы министрлигинде структуралык анализ болбосо, ал экономиканы кантип өнүктүрөт?"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүнкү, 12-июндагы отурумунда "Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү эсеп-чоту", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы №20-токтому менен жактырылган "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору жөнүндө, "КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору тууралуу мыйзамдарды карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Биринчи маселе боюнча каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, 2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди. Андан соң депутаттардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Эл өкүлү Ташполот Балтабаевдин кендерди иштетүүдөн түшкөн кирешелер боюнча берген суроосуна министр бул тармак боюнча өзүнчө маалымат жоктугун айтты. "Эгерде Каржы министрлигинде структуралык анализ жок болсо, ал экономиканы кантип өнүктүрөт? Анда силер болгону салык чогулткандан башканы билбеген аракетсиз бир орган болуп жатпайсыңарбы?"- деп нааразы болду эл өкүлү.

Фракциянын жыйынында мугалимдердин айлыгы боюнча депутат Уланбек Нуркулов: "Билим берүү тармагынан белгиленген 7 миллиард сом кайда кетти? Бул багытта 2013-жылы 10 миллиард, ал эми 2014-жылы 17,6 миллиард сом бөлүнгөн. Кезегинде Каржы министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан мугалимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүүгө 3 миллиард сом зарыл деген. А бул жерде 7 миллиард сом болуп жатпайбы. Акчалар кайда кеткен?"- деп министр А.Касымалиевге суроо салды.

Ал эми эл өкүлү Бактыбек Калмаматов: "Каржы министрлигинен каражат алгандардын көпчүлүгү алардан берилүүчү сумманын 10 пайызын алып калуу практикасы дале токтобой жаткандыгын айтып арызданып келишет. Сиз жаңы министр катары ушул практиканы токтотуунун жолдорун издеп таап, токтотушуңуз керек. Ушундай тоноолордун кесепетинен курулуп жаткан мектептерибиз, башка социалдык объектилерибиз 1 жылга жетпей кулап калууда. Буга чара көрүүчү учур келди",- деп министрди аракеттенүүгө чакырды.

Натыйжада фракция өкүлдөрү каралган маселелер боюнча чечим кабыл алып, аны ЖКнын тийиштүү комитетине жөнөтүштү. Экинчи маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Сүйүнбаева маалымат берип, кээ бир түзөтүүлөр менен мыйзам долбоору толугу менен жактырылды. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлү Наталья Никитенко: "Биз эл менен жолугушканда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун чыңдоо, калыбына келтирүү жагдайы начар экендигин айтышат. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган "Алтын балалык" эс алуу жайын эмнеге ушундай балдардын ден соолугун чыңдоочу жайга айландырууга болбосун?"- деген маселени койду.

П.Сүйүнбаева бул багытта орусиялык инвесторлор менен иштер жүрүп жаткандыгын билдирип өттү. 

Ошентип, "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоорлору тууралуу демилге колдоого ээ болду.

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alirun
2015-06-24 13:55:38
Биздин депутаттардын жон эле бакыра бергени жакпайт да. Кендерден тушкон акча каражаттар боюнча маалымат МФте бар, анализ да жасалат. Бир гана министрдин колунда бул маалыматтар ошол убакытта болбой калышы мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан