Өкмөт башчы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп жаңыдан дайындалган Чынара Адамкулованы кабыл алды

Бүгүн, 15-июнда өкмөт башчы Темир Сариев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаңыдан дайындалган ректору Чынара Адамкулованы кабыл алды. Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушууда аталган окуу жайдагы реформа талкууланганын билдирди. 
Премьер-министр бул университеттин өлкө үчүн маанисин белгилеп, аталган окуу жай реформага муктаж экенин билдирди. “Сизге абдан чоң милдеттер жүктөлдү. Мезгил азыр жаңыча иштөөнү талап кылып жатат”,- деди Темир Сариев.

Чынара Адамкулова көрсөтүлгөн ишенимди аткарууга бардык аракетин жумшай турганын убада кылды.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын ректорун шайлоо былтыр 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган. Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышып айрым талапкерлер сотко арызданышкан. Соттук териштирүүлөргө байланыштуу окуу жай жарым жылдан ашык ректорсуз калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан