Келишимге ылайык, Германиянын Өнүктүрүү банкы кыргыз мамлекетинин агрардык тармагын өнүктүрүү багытында 9 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Каражат 2 транш аркылуу берилмекчи. Ал өлкөнүн агрардык тармагын Евазиялык экономикалык биримдигинин шарттарына даярдоо багытында жумшалат.
Андан сырткары Япония өкмөтү кыргыз мамлекети чакан жана орто бизнестин товарларын берүү менен долбоордук эмес, гранттык жардам бере турганы белгилүү болду. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Япониянын жардамы кыргыз жерине техника жана товар түрүндө берилип, алар толугу менен бажы алымдарынан бошотулат.