Кытайга иш сапары менен барган вице-премьер-министр Валерий Диль Циндао шаарынын Партиялык комитетинин катчысы Ли Цюнь менен жолугушту. Өкмөттүн билдиришинче, жолугушууда аймактар аралык кызматташтык, кыргыз мамлекети менен Кытайдын соода-экономикалык байланышын кеңейтүү пландары талкууланды. "Жыйынтыгында Бишкек шаары менен Циндао шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду",- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.