Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин көбү эркектер, алардын айлыктары 15-20 миң сомго барабар

Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин айлыктары 15-20 миң сом. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган палатанын төрайымы Элмира Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасында иштегендердин көбү эркектер. "Маянанын көлөмү тажрыйбага жараша каралат. Эгер кызматкердин тажрыйбасы көп болсо, ал 20 миң сомдун тегерегинде айлык алат, ал эми аз тажрыйбалуулар 15 миң сомго жакын акча алышат",- деди Ибраимова.

Айта кетсек, жыйында Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчёту берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан