Жогорку Кеңеште “Ден соолук” программасынын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулду

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште 2012-2016-жылдарга “Ден соолук” Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун реформалоо улуттук программасынын ишке ашырылышы жөнүндө (энелердин жана балдардын өлүмү, жүрөк-кан тамыр оорулары, кургак учук, ВИЧ-инфекция жөнүндө) маселени талкуулоого арналган өкмөттүк күн аяктады. 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, 2012-жылы башталган "Ден соолук" программасында 4 жыл аралыгында өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлө турган кайра курумдар камтылып, ал 2016-жылы аяктоого тийиш. "Германия менен Швейцария сыяктуу өлкөлөрдүн Өнүктүрүү банктары, Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык донорлор каржылык колдоо көрсөтүүдө. Андан сырткары 142 уюм жардам берип жатат. Мындан улам акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагында бир топ жылыштар болду",- деди министр.

Ошондой эле Т.Батыралиев өлкө аймагындагы медициналык тейлөө көрсөтүү боюнча маалымат берди. "Акыркы 3 жылда 17 фельдшердик-акушердик жай, 3 медициналык тейлөө жайы ачылган. Заманбап медициналык жабдуулар алынды, "Тез жардам" автоунаалары сатылып алынды, көчмө медициналык борборлор ачылды. Кургак учук дартына чалдыккандардын саны азайганы менен, өлкөдө азыркы замандын талаптарына жооп берген бир дагы атайын оорукана жок",- деп маалымдады Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан