Дамира Ниязалиева мугалим, тарбиячылардын айлыгын көтөрүүгө 2 миллиард сом бөлүнөрүн айтты

"Кыргыз жеринде эмгек рыногунун талабын эске алуу менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү керек",- деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 22-июнда Бишкекте билим берүүгө арналып өткөн конференцияда. Өкмөт мүчөсү учурда мамлекетте 2207 мектеп бар экенин, анда 74 миң мугалим иштеп жатканын, окуучулардын саны 1 миллион 27 миң экенин белгиледи. 
"Бүгүнкү күндө билим берүү системинде чечкиндүү кадамдар жасалып жатат. Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча мугалимдердин айлыгы быйыл 1-сентябрдан баштап 50 пайызга көбөйөт. Мындан тышкары тийиштүү квалификацияга ээ мугалимдерге ай сайын атайын төлөмдөр каралган. Маянага кошулуп берилчү бардык кошумча акылар ошол бойдон калууда. Бала бакча, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын маянасы да 50 пайызга жогорулайт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 миллиард 200 миллион сом бөлүнүүдө",- деди Ниязалиева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан