Ала-Букада 22-июнда аскердик бөлүктүн түптөлгөн күнүнө арналган салтанаттуу азем өттү. Ага "Ала-Бука" чек ара отрядынын өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана ардагерлер катышышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара отрядынын башчысы Замирбек Надырбеков куттуктоо сөзүндө Мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик бөлүк түптөлгөндөн тартып бир катар маанилүү иш-аракеттерди жасаганын айтты.