Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – мамлекеттин менчигиндеги жерлерди тескөө жана аларды башкаруу маселелери боюнча жер жөнүндө мыйзамдарды “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү.
Ушул максаттарда кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөргө ылайык, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жоболор өкмөт тарабынан бекитилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.