Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери боюнча Жер кодексине толуктоо кирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу тартибин тактоо. Мыйзамга ылайык, Жер кодексинин 74-беренесине “Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат” деген толуктоо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан