Кыргыз жеринде 5 айда 18 миллиард сом салык чогултулду

2015-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 18 миллиард 382 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган мекемеден кабарлашты. Салык чогултуу планы 5 айдын жыйынтыгы боюнча 102,2 пайызды түзүп же 401,1 миллион сомго ашыгы менен аткарылганы айтылды. "Мурунку жылдын алгачкы 5 айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 миллиард 561 миллион 200 миң сомго же 16,2 пайызга жогорулаган",- деп билдирет мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан