"Ата Мекен" социалисттик партиясынын өкүлдөрү өлкө боюнча 22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн, согуш талаасынан кайтпай калгандарды, шейит кеткендерди эскеришти.
Кечээ партиянын Нарын шаарындагы активисттери Нарын шаарындагы "Жеңиш" эстелигине келип, согушта курман болгондорго таазим кылышты. Иш-чарага катышкан партиянын мүчөлөрү, жактоочулары, студенттер жана коомчулуктун өкүлдөрү эстеликке гүлчамбарларды коюшуп, курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту.
Иш-чара “Ата Мекен” саясий партиясынын Нарын облусундагы штабынын мүчөлөрү, партиянын жаштар канаты тарабынан уюштурулду.