Казакстанда спортчуларга, машыктыруучуларга жана калыстарга сөгүнүүгө жана диний ишенимдерин ачык көрсөтүүгө тыюу салынат. Ошондой эле башкаларды диний уюмдарга мажбурлап кошууга же миссионердик ишмердүүлүк жүргүзүүгө да болбойт. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
"Спорттук этика" аттуу документ эки гана бөлүмдөн турат: жалпы жоболор жана жүрүм-турум эрежелери. Биринчи бөлүмдө машыктыруучу, калыс, мелдеш, спорттук иш-чара, ошондой эле "спорттук этика" деген түшүнүктөргө аныктама берилет. Экинчи бөлүм жүрүм-турум эрежелерин аныктайт. Анда спортчуларга сөгүнүүгө, машыгуулар тууралуу купуя маалыматты жайылтууга, Казакстандын аброюна шек келтирүүгө, кимдир-бирөөгө коркутуу же зомбулук көрсөтүүгө тыюу салынат.
Жаңы эрежелерге ылайык, спортчуларга команда ичинде өзүнүн диний ишенимин ачык көрсөтүүгө, ошондой эле спорттук иш-чаралар менен сыйлык тапшыруу аземдеринде саясий акцияларга катышууга тыюу салынат. Бул - көпчүлүктүн же камера алдында ишенимин ачык билдирген ар кандай аракеттерге, мисалы, дуба кылуу, диний символдорду көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбейт дегенди билдирет.
Мындай аракеттер толук тыюу салынган эмес, бирок расмий иш-чаралардын алкагында жана этикалык нормаларды сактоо милдеттүү болгон учурларда жүргүзүлүшүнө уруксат берилбейт.
Ошондой эле спортчулар коомдук жайларда мас абалында жүрүүдөн алыс болуп, коомдук адепке ылайык иш алып барышы керек. Казакстандын атынан чыккан спортчулар гимн аткарылган учурда этикалык жүрүм-турумду сактоого, калыстардын чечимдерин урматтоого, коомдук талаш-тартыштардан оолак болууга, ЖМК өкүлдөрү менен сылык мамиледе болууга жана башка спортчуларга үлгү болууга милдеттүү экени жазылган.