Армениянын борборунда миңдей жаран электр энергиясына болгон бааны көтөрүүгө каршы акцияны улантууда

Армениянын борбору Ереванда кечээ, 23-июнда “Уурулукка жол жок!” деген аталыштагы акция уланды. Бул күнү электр энергиясынын кымбатташына каршы миңдей жаран шаардын борбордук бөлүгүнө топтолду.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, "Эркиндик" аянтында нааразычылык акциясы 19-июндан тарта күнү-түнү өтүп жатат. Акциянын алкагында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү чогулгандардан 4-5 кишини өлкө президенти Серж Саргсян кабыл аларын билдиришкен, бирок нааразычылык акциясынын катышуучулары бул сунуштан баш тартышкан.

Ошондой эле айрым басылмалар “электромайдан" деп атап жаткан бул нааразычылык акциясынын катышуучуларынан милиция кызматкерлери тарап кетүүнү суранышкан. Кезинде окуяны татаалдаштырып, мыйзам бузбоо талабы да болгон. Бул сураныч аткарылбаган соң, активисттерди камакка алуу, күчкө салып таратуу аракеттери көрүлгөнү айтылып жатат. Күчкө салып таратуу аракети көрүлүп жатканда митингчилер эле эмес, окуяны чагылдырып жаткан журналисттер, операторлор да сабалган. 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү Армения бийлигин журналисттерге карата жасалган мамиле боюнча окуяны иликтөөгө чакырды. Элдин талаптарынын катарына камакка алынгандарды бошотуу талабы да кошулду. Митингчилердин колунан “Биз төлөбөйбүз!” жана “Уурулукка жол жок!” деген жазуусу бар плакаттарды көрүүгө болот. 

Кошумчалай кетсек, Армения ушул жылдын башында Бажы биримдигине кирген. Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясы 17-июнда электр энергиясына болгон бааны бекиткен. Бул чечимге ылайык, калк 1-августтан тарта 1 киловаттка 6,93 драм кымбат төлөп баштайт. 1 драм 13 тыйынга барабар экенин эске алсак, баа 89 тыйынга кымбаттаган (же болбосо 16,7 пайыз). 

Ереванда полиция демонстранттарды аёосуз кууп жатат. 23.06.2015
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан