Бишкекте ипотекалык багыттагы 225 батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан 15 кабаттуу турак жай комплекси 225 батирди камтыйт. Комплекстин аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин эң башкы жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан