Ташиев соттордун айлыгы жакында жарым миллион сомго жакындай тургандыгын айтты (видео)

Жакында соттор дээрлик жарым миллион сом айлык алышат. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, бул чечим президент тарабынан берилген тапшырманын негизинде болот.

"Өткөн жылы райондордун судьялары 60 миң сомдун тегерегинде айлык алчу. Президент судьянын эң төмөнкү маянасы 150 миң сом болушу керектигин айтты. Жакында райондук судьялар 300 миң сомдон, облустук судьялар 400дөн, ал эми Жогорку Соттогулар 450 миң сомдон айлык алышат. Бул оклад гана, ага дагы кошумча болот", - деди ал.

Ташиев сотторду акыйкат чечимдерди чыгарууга үндөдү.

10.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан