Ноокен районунун тургуну өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тапшырды. Бул тууралуу 24-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 23-июнь күнү “Арсенал” операциясы учурунда Ноокен РИИБинин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Көк-Там айылынын тургуну, 1982-жылы туулган О.Э. чоң атасынан калган ТОЗ үлгүсүндөгү 28 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралын өз каалоосу менен тапшырган. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.