Ысык-Көл облусунда уюлдук телефон менен көзөмөлгө алынган заманбап чыпкалоочу жай иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун эс алуучу жайлар ассоциациясынын төрагасы
Акжолтой Насирдинов билдирди. Анын айтымында, мындай саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу баасы орто эсеп менен 100 миң долларды түзөт.
"Заманбап чыпкалоочу жай бир күндө 200 метр куб сууну тазалап чыгат. Ал компьютер менен иштейт. Ушундай чыпкалоочу жайлардан учурда облус боюнча бешөө иштеп, дагы ушунчасы курулуп жатат. Мунун негизги максаты кереметтүү көлүбүздүн экологиясын коргоо болуп саналат",- дейт Насирдинов.