Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы иштен алуу маселеси бүгүн парламент комитетинде каралат
Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан бошотуу маселеси бүгүн, 24-июнда парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин жыйынында каралат. Эскерте кетсек, буга чейин Сооронкулова жарандардын биометрикалык маалыматтарын алуу Конституцияга каршы келерин билдирген эле. Мындан кийин Соттор кеңеши аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алып, документти президенттин кароосуна жөнөткөн. Бул боюнча депутаттарга бүгүн президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев маалымат берет.