УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматта мурдагы кылмыш чөйрөсүнүн мүчөлөрү тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.
"Биз азырынча криминалдык иштерден кайттык деп буларды алдап туралы, анан убагы келгенде кайра чыга калабыз" дегендер бар. Түп тамыры менен жок кылышыбыз керек. Алардын убагы келбейт. Эми алардын убагы эч качан болбойт. Биздин өлкө мыйзамдуу мамлекет болот",- деди ал кечээ, 9-июлда Ош шаарында өткөргөн жыйынында.