Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 24-июнда Чүйдөгү иш сапарында “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын газ өткөрүү системи менен таанышты. Беловодск айылында ишкананын Бишкек шаарын жана Чүй облустарын 2015-2019-жылдарга газ менен камсыз кылууну өнүктүрүү планы менен таанышты. “Газпром-Кыргызстандын” башкы директору Болот Абилдаевдин айтымында, учурда Бишкек шаарында узундугу 1089 чакырым газ түтүгү колдонулуп, 169 миң үй жана имарат газ менен камсыздалган. 2019-жылдын аягына чейин дагы 33 чакырым газ түтүгү курулуп, 40 миңден ашык үй жана имарат газ менен камсыздалмакчы. Алдыдагы үч жылда “Газпром-Кыргызстан” 36 миллиард рубль жумшап, 2019-жылга чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагынын 69,7 пайызын газ менен камсыз кылууну пландап жатканы айтылды.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуш жана Чүй облусундагы 42 айыл жаратылыш газы менен камсыздалмакчы. Өкмөт башчы “Газпром” сыяктуу дүйнөлүк ири компаниянын келиши кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Газпром-Кыргызстан” компаниясы кыргыз өлкөсүнүн газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө 100 миллиард рубль салууну убада кылган. Жаратылыш газы жетпеген Ысык-Көл, Нарын облусу сыяктуу аймактарга суюлтулган газ жеткирүү боюнча иштер аткарылат. “Кыргыз газды” “Газпромго” сатууда айрымдар чочулап, бул демилгени сындап чыгышкан эле, бирок учурда ал чочулоолор негизсиз экени анык болуп жатат. Эң негизгиси, мындан ары элибиз туруктуу, үзгүлтүксүз газ менен камсыз болот”,- деди Сариев.
Премьер-министр өлкө түштүгүн газ менен камсыз кылуу милдетин “Газпром-Кыргызстан” ишканасы моюнуна алганын, бул багытта бир катар долбоорлор ишке ашарын кошумчалады.