Жалал-Абад. Жер көчкүдөн улам турак жайсыз калгандарга үйлөр курулуп баштады

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылынын жер көчкүдөн үй-жайсыз калган жана турак жайлары зыянга учураган жарандарга турак жайлар курулуп баштады. Бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев аталган министрлик тарабынан курулуп жаткан жаңы турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш материалдары жана куруучулар жетиштүү, бүгүнкү күндө министрлик тарабынан курулуп жаткан 8 турак жайдын ар биринде 6дан адам, жалпысынан 50гө жакын адам иштеп жатат. Курулуш иштери менен таанышкан Равшанбек Рысбаев турак жайларды сапаттуу жана өз учурунда, 31-августка жеткирбей куруп бүтүрүүнү куруучу мекемелердин жетекчилерине эскертти. “Мамлекет башчыбыз президенттик фонддон 11 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди жана 31-августка чейин курулуш иштерин бүткөрүүнү тапшырган. Айтылган мөөнөттөн кечиктирбей, бардык шарттары менен сапаттуу турак жай куруп берүүңүздөр зарыл. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарга бул жерде да көйгөйлөр жаралбашы керек”,- деди министрдин орун басары Р.Рысбаев. Ал эми куруучулар курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтөрүнө убада беришти.

Кошумчалай кетсек, жер көчкү 24-майда болуп, 5 турак жайды басып калган. Жер көчкүнүн астында калган 6 адамдын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан ошол эле күнү табылган. Андан сырткары 12 адам "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүүгө жеткирилип, анын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aidan94ru
2015-06-24 18:23:49
Не бир эле комнатадан салынып жатабы?
0
aismiris
2015-06-24 19:33:36
Ушунча акчаны элдердин озулоруно эле берип коюшса соонун уй салып алышмак
0
BAYAW-KG
2015-06-24 19:43:55
Ушу салып жатышканына шугур. 1 комнет болсо да үйго.
0
Kairatmyn
2015-06-25 02:07:42
Ээ акылдуулар кыйындар силерди суйлотуп эле койсо да. Макул акылдуу кыйын экенсинер силерге бир суроо. Окмот бир тыйын бербей койгондо казынада акча жок деп кезектеги шылтоосун айтып койгондо эмне кыла алат эленер? Терен ойлонгулачы эч нерсе кыла албайт эленер. Суйлоп суйлоп жамандап жамандап кала берет эленер. Бир комнаталуу эмес бир чатыр бергенине суйунгуло. Кудайыма шугур кылгыла чатыр эмес уй салып берип жатканына. Биз адам баласы олуп башыбыз кара жерге киргенде тоёбузго чиркин.
0
deva
2015-06-26 10:06:30
Туура айтасың, адам бир ууч топуракка гана тоет. 1 бөлмөлүү болсо да шүгүр кылыш керек. Буларга алдын ала эле эскертүү берилген турбайбы көчкүлө деп. Негизи өкмөттөн доолай бергендерге түшүнбөйм. өткөндө бирөөлөр узун жигитибиз өлүп калды өкмөт мурун эле жардам берсе болмок, коляскаңарды алып кеткиле деп догурунду. Узун болсо эмне экен?! Негизи өкмөт кароосуз калган балдарга, жаш балдардын келечеги үчүн кам көрсө дээр элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан