Жогорку Кеңеш саясий жана мамлекеттик кызматкерлерди туугандарынын да кирешелерин декларациялоого милдеттендирди
Жогорку Кеңеш 24-июнда саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорун 3-окууда кабыл алды. Ошондой эле аларга жакын туугандарынын кирешелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо каралган.
Декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш. Алардын салык төлөгөнү же төлөбөгөнү эл аралык антикоррупциялык келишимдердин негизинде суратып алынат. Декларациялардын толтурулушу мекемелер аралык комиссия тарабынан такталат.