Өкмөт башчы Баткенге бир күндүк иш сапары менен барды

Бүгүн, 25-июнда өкмөт башчы Темир Сариевдин Баткен облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр Лейлек районундагы Ак-Арык жана Раззаков айылдарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жана Баткен облусунун аймагындагы Исфана – Баткен – Ош автожолу, Ак-Сай – Рават, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолдору, Кулунду-Максат көпүрөсү жана Боз-Кара-Кыштак каналынын курулушунун жүрүшүнөн кабар алат.

Андан соң Ак-Сай айыл аймагындагы Кара тилкесиндеги чек ара тозотунун курулуш ишинен кабар алып, чек арачылар менен жолугат. Муну менен катар Кадамжай шаарындагы сурьма комбинатынын жана Кызыл-Кыя тамеки ферментациялык заводунун бүгүнкү абалы менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur0077
2015-06-25 11:54:20
Окмот башчы ары-бери барат,толк жок.канча иш орун тузуп,канча жаны ишкананы ишке киргизди,ыя???Окмот башчынын демилгеси менен Элдин жашоосу канчалык жакшырды?жооп жазгылачы Окмот башчынын Пресс-катчысы.
0
Bors
2015-06-25 11:59:26
nur0077, жакында эле шайландыго бир жыл отсунчу коробуз канча иш жазаганын.
-2
nur0077
2015-06-25 12:11:30
Мурдагы Окмоттордун активдуу мучосу да тикеден-тике экономика секторун башкарып келди.Макул Эгер убакыт керек болсо.25жылда эч бир Окмот курамы жакшы иштеген эмес,мамлекеттин мулкун сатып жегенден башка.Темике дагы сатабыз деп демилге которуп журот.
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-25 12:21:00
чек ара маселесин тезираак чечип берсе жакшы болмок
0
nursultan1
2015-06-25 12:33:36
Мегакомду сатуу бул көп адамдар түшүнө бербеген маселе, мындайча айтканда экономикалык жактан сабаттуу адам анын сатылышына каршы чыкпайт. Ал эми премьердин креслого келгенине эч канча убакыт боло элек, буйруса жыйынтыктар болот!
0
ruslan1985
2015-06-25 13:14:59
Убакыт бериш керек башка примерлерге караганда Темике берген убадалары тапшырмалары мага жагып жатат жакшы иштеп берсе болду
0
Rahim76
2015-06-25 14:13:28
Бир кундук иш сапарында баарына улгурот бекен.Бир нерсе болсо эле окмот жаман деп уйронуп калыппыз.ААкыркы
,,беш окмоткон салыштармалуу Темир иштеп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан