Жогорку Кеңеште биометрикалык маалыматтар начар чогултулуп жатканы айтылды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов өлкөдө биометрикалык маалыматтар начар чогултулуп жатканы үчүн өкмөттү сынга алды. Анын айтымында, учурда 2,5 миллион жаран гана биометрикалык каттоодон өттү. "Жалпысынан 3,8 миллион маалымат чогултуу керек. Эгер бул максатка жетпесек, шайлоо мезгилинде чыр-чатактар орун алышы мүмкүн. Ошондуктан өкмөт элге түшүндүрүү иштерин массалык маалымат каражаттары аркылуу активдүү жүргүзүшү зарыл",- деди Бекматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан