Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына өзүм билемдик кылып Чүй облусундагы жерлерди басып алган жарандар митингге чыгышты. Жалпысынан акцияда 30га жакын адам катышып жатат.
Митингчилер премьер-министр Темир Сариевден алардын маселесин чечип берүүнү суранышууда. Ошондой эле алар Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдон маселени парламенттин күн тартибине тезирээк киргизип, кароону өтүнүшүүдө.
Акциянын катышуучулары "Депутаттарга эл керек, элге үй керек", "Элдин турак жайын мыйзамдаштырып бергиле" жана "Ар бир жаран турак жайлуу болууга укуктуу" деген жазуулар жазылган плакаттар менен турушат. Эскерте кетсек, буга чейин парламентте 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлерин өз алдынча басып алуу менен курулган 38 194 үйдү мыйзамдаштыруу демилгеси каралып, колдоого ээ болбой калган. Бул маселени кайрадан көтөрүү демилгеленип жатканын жакында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирген.