Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.
Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Жумабеков чиновниктерге мамлекеттик гимндин биринчи куплетин окуп берип, анда мөңгүлөрдү сактоо милдети жазылганын эскертти. "Жерибизди, ак мөңгүлөрүбүздү сактап, кийинки муундарыбызга калтыруу зарыл. Аталган мыйзам долбооруңар менен гимндин "ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар" деген биринчи сөздөрүнө тийишип жатасыңар",- деп кайрылды өкмөткө Жумабеков.