МАИ кызматынын унаасы делген BMW X6 социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда

Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын автоунаасы делген BMW Х6 cоциалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Интернетке бул кымбат баалуу унаанын сүрөтүн жайгаштырган активист Тимур Саралаев "кедей мамлекеттин МАИчилеринин кымбат унаалары" деген пикирди жазды. Ырысбек аттуу интернет колдонуучу бул автоунаа Германиядан уурдалып келингенин билдирди. 
"Бул BMW Германиядан уурдалып келген. Машинанын ээси табылбай калган. VIN коду жана кыймылдаткычынын номуру өзгөртүлгөндүктөн, ээсин табуу мүмкүн эмес. Соттун чечими менен ИИМге өткөрүлүп берилген",- деп жазды ал. Ортодо талкууга кошулгандар "Мындай унааны айдабай сатып жиберип, акчасына милицияга керектүү 3-4 унаа сатып алса эмнеге болбосун?.." деген пикирин айтышты. 
Бул автоунаа Бишкектин базарларында 28 миңден 90 миң долларга чейин бааланат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
kgmiko
2015-06-25 15:29:50
Туура уурдалган машина болсо стун чечими менен мамлекеттин карамагына откоруп милицияга эле эмес мамлекетти ишканаларга служебный машина кылып тез тез берип тургула ! Майчилерге гана эмес медиктерге, мугалимдерге ж.б.
0
dina
2015-06-25 15:45:38
Германиядан уурдалган машинаны Кыргыз МАИси айдаганы жакшы экен, ортомчу адам акчага күйбөсө эле болгону. Анан ошондо муну ким уурдап келиптир?))) Ээ өллө кызык экен))
0
Akil8484
2015-06-25 15:58:20
минем деген кыялында темир турпар,
мейли мингин зубулдаса бензин жутар,
мен менсинип BMW X6 минбейли кой
Тоютанда BMW X6 ашып турар
-2
Akil8484
2015-06-25 16:00:36
Кыргызстан эмне силерге Каракчылардын мекениби?
-2
Kairatmyn
2015-06-25 17:08:11
Akil8484, ээми билип жатаспы. Кыргызстан 24жылдан бери каракчылардын мекени. Атасынын кору десе мингиле зынылдатып айдагыла. Кыжаалат болбогула Бишкектин жолдорунда 2жылда тарактап калат.
0
elgiz0890
2015-06-25 18:08:05
Ошол активистте болгондо бети кызарбай эле айдаса керек мындайча айтканда королбаса керек ичин куйсо туз жала азыркы активисттер бут бузуку
0
Dadasdasd
2015-06-25 19:58:37
Бишкекте Гагарина кочосундо 2.3 жолу коргом.
0
milan_92
2015-06-25 20:42:19
айдай берсин маичи адам эмес бекен кыргызстан учун жакшы корунуш бул мвд баары ушундай машина айдаса деле каршы эмесмин
+1
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-25 20:59:00
минсе миниптир да)))))))))дегилечи,уурдалган болсо
+1
edil.kg
2015-06-25 21:43:59
биздин майичилер кымбат машинаны минип кооп башташты айдоочуларды атып сабагандары кун санап кобойуп жатат буларды козомолдогон орган барбы? озу
+1
boston___
2015-06-25 22:01:42
Жакшы биз бай мамлекетпиз унутпаныздаар
0
patriot_jigit
2015-06-25 23:46:28
ооЙ кыкендер качан онугобуз я пейлибизди кенен сактайлычы качанкыга чейин эле онукпой журо беребиз минсе миниптирда эминеси бар экен азыркы заманда кымбат баалу машина роскош деле болбой баратат
0
Zarema94
2015-06-25 23:54:12
Байкап суйл0с0н0р о0зунарга келгенди оттой бербей. Айрыкча кыргыз, Мекен ж0нундо кеп болг0ндо жети олч0п бир кесип ой болушс0н0р. Сыйлагыла ар биринер озун0рду тантырабай
0
bom.bon
2015-06-26 03:23:58
Элестеткиле ,Кыргызстанда бардык МАИчилер ,ушундай Х6 до журушот ,катып
0
as.fanat
2015-06-26 08:54:11
...эми уурдалган унааны кантип сатмак эле...озуно приход кылып коюптур да, кызмат кылсын да эми...)
0
Sheke-brat
2015-06-26 10:38:18
Мен да Ошто бир кортеджден көргөм, нормально көрүнөт екен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан