"Жогорку Кеңеш Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук бербесе, "Кумтөрдүн" иши 6-июлда токтойт". Муну биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Отурумда Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук алуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Сарпашев депутаттарды аталган мыйзам долбоорун колдоого чакырды.
"Биз дагы айласыздан ушул мыйзам долбоорун сунуш кылып жатабыз, артка жол жок. Муз ылдыйлап жатат, ал токтобойт. Бул экологиялык катастрофа",- деди Сарпашев.