"Кумтөр" иштеп баштагандан бери кендин айланасынан 125 миллион метр куб мөңгү талкаланды
"Кумтөр" иштеп баштагандан бери кендин айланасынан 125 миллион метр куб мөңгү талкаланды. Бул тууралуу парламенттин 25-июндагы жыйынында Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов билдирди. Анын билдиришинче, кендин айланасында мөңгүнү башка жерге жылдырууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилсе, 2026-жылга чейин дагы 80 миллион метр куб мөңгү талкаланганы жатат. "Кумтөр" кени токтобой иштеши үчүн ушуга барышыбыз керек. Макулдук бербесек, кендин үстүнө мөңгү көчүп түшүп, иш токтойт. Мөңгүлөр биротоло талкаланбайт, алар башка жерге гана жылдырылат",- дейт Атажанов.