Бишкектин вице-мэри: “Тазалык” муниципалдык ишканасы 500 миң адамдын эмес, миллионго жакын жарандын таштандысын чыгарууда”

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 500 миң адамдын эмес, миллионго жакын жарандын таштандысын чыгарууда”. Муну бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, учурда аталган ишкананын аткарган жумушу менен тейлеген жарандардын саны туура келбейт. Мунун айынан ишкана карызга батты.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников ишкананы жеке ишкерлердин колуна тапшырууну айтты.

Тазалык” муниципалдык ишканасынын 75 миллион сомдук дебитордук карызы бар, былтыр ал 69 миллион сом болчу. Карыздары жыл сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда алар ай сайын бюджеттин эсебинен 1800 литр бензин алышат, башкача айтканда, 577 миң сом. Ал эми Бишкек санитардык полигонунун сыйлык акылары ай сайын айлыктарынын 75 пайызын түзөт жана 1300 литр бензин кетиришет. Бул өтө көп чыгаша. Бул ишкана жеке колго өткөндө, эбак Бишкегибиз Ош шаарындай таза болмок”,- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
deva
2015-06-25 18:27:12
Ошту мисал келтирип калышыптыр го. Муну угуп жакында эле Бишкектин тургунун "Ошту көрүп оозум ачылып калды, таптаза шаар турбайбы" деп айтып келгени чын турбайбы деп калдым.
0
Rahim76
2015-06-25 19:32:05
Кантип эле.Мен озум Оштон болом.Алтынай келсин Ошко толо мусорду корсотуп койом.Обл администратциянын алдын эле коргон окшойт.
0
KGstan81
2015-06-25 20:20:28
Rahim76,Кандай болсо дагын Ош шаары Бишкеке караганда таза шаар.Эмнеге дегенде Ошто жергиликтуу эл коп жашайт ал эми Бишкекте кочуп келген жарандар коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан