KFC деген дүйнөдөгү белгилүү тез тамактануу тармагы тооктун этин "куурулган келемиштин эти" деп маалымат тараткан кардарын кечирим суратууда. Чет элдик маалымат каражаттары кардардын божомолу калп болуп чыкканын жазышууда.
Маалым болгондой, Калифорния тургуну июнь айынын башында аталган тармактан өзү менен алып кетип, үйдөн тамактануу үчүн кутуга салынган тооктун этин сураган. Кардар аны жеп көрүп, "тооктун эти эмес, келемиштин эти" деп, аны экспертизага берген. Эт тооктун эти болуп чыгып, тамактануу тармагы анын кечирим суроосун талап кылууда, бирок кардар ага макул эмес.