Фермерлерге жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө берилген жеңилдетилген насыялардын суммасы 2 миллиард 552 миллион 412 миң сом болду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган сумманын 2 миллиард 61 миллион 449 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, ал эми өсүмдүктөргө – 307 миллион 392 миң сом, кайра иштетүүчү ишканаларга 183 миллион 570 миң сом берилди. 2015-жылдын 25-июнуна карата жалпы 6936 жеңилдетилген насыя берилиптир.