Жогорку Кеңеш Кара-Суу районундагы 9 конушту айыл категориясына киргизүү боюнча мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш "Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. 

Калктуу пункттардын жашоочуларынын жыйындарынын токтомдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Чычкан-Көл, Андагүл, Жаңы-Турмуш, Жар-Башы калктуу пункттарына айыл макамын берүү жөнүндө Папан айылдык кеңеши 2014-жылдын 13-мартында токтомдорду кабыл алган. Кара-Суу райондук администрациясынын 2014-жылдын 25-декабрындагы токтомдору менен жогоруда аталган калктуу пункттарга айыл макамын берүүгө макулдук берилген.

Аталган мыйзам жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүүнү, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн, ички миграцияны азайтууну жана азыркы мыйзамдарга ылайык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдү иретке келтирүүнү көздөйт. Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жергиликтүү жамааттарга өз конституциялык укуктарын ишке ашырууга, өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилигинин астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү, натыйжалуу өнүгүүнү шарттайт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан