Кылмыш иши боюнча тергөө маалында чет өлкөгө качып кеткен адамдарга карата тергөө амалдарын андан ары улантуу каралууда

Кылмыш иши боюнча тергөө маалында чет өлкөгө качып кеткен адамдарга карата тергөө амалдарын андан ары улантуу каралууда. Буга байланышкан "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 25-июнда карап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Демилгечилердин айтымында, акыркы кезде кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай коюу көбөйүп жатат. Улуттук мыйзамдарга ылайык, тергөө иши бүткөндөн кийин чет өлкөгө качып кеткен адамдарды сыртынан сот жоопкерчилигине тартуу чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген, ал эми тергөө маалында качып кеткен адамдарга карата андай талап жок.

Демилгечи кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай койгон адамдардын жактоочусунун катышуусунда тергөө амалдарын аягына чыгарып, ишти сотко өткөрүү сунушу берилип жатканын айтты. Азыр чет өлкөгө качып кеткен көп адамдардын тергөө иши токтотулуп турат. Кылмыш жасаган адам кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор аркылуу жаза жоопкерчилигинен сырткары калбашы керек деп эсептешет демилгечилер.

Талкуу жүрүшүндө көптөгөн адамдар кылмыш жоопкерчилигинен качып кетип жатканы эске салынып, мыйзам долбоорун колдоп берүү тууралуу пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан